Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Айпери Медет кызы Азия оюндарынын алтын байгесин утту
06.10.2023 | 16:52
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду.
76 кг салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы бүгүн, 6-октябрда таймашка чыгып, беттешти 1/8 финалдан баштаган. Биринчи кармашында ал кытайлык спортчуну 2:1 эсебинде утту. Чейрек финалда вьетнамдык балбан кызды мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Жарым финалда Айпери Медет кызы Кытайлык Тайбейдин спортчусу менен кез келип, аны да мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Ал эми финалдык беттеште Айпери Медет кызы казакстандык Жамиля Бакбергенова менен күрөшүп, аны 7:4 эсебинде утту. Бул жеңиши менен Айпери Медет кызы алгач ирет Азия оюндарынын жеңүүчүсү болду. Буга чейин ал 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында коло байге тагынган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз