Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Азия оюндары: Нурзат Нуртаева күмүш тагынды
06.10.2023 | 16:37
Кыргызстандык балбан кыз Нурзат Нуртаева (68 кг) Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарынын күмүш байгесин тагынды.
Нуртаева бүгүн, 6-октябрда килем үстүнө чыгып, таймашты чейрек финалдан баштаган. Биринчи беттешинде ал казакстандык Елена Шалыгина менен күрөшүп, аны 8:7 эсебинде жеңди. Жарым финалда Нуртаева монголиялык Делгермаа Энкхсайкханды 10:8 эсебинде уткан.
Алтын үчүн беттеште Нурзат Нуртаева кытайлык Фең Жоу менен беттешип, бирок 2:13 эсебинде атаандашына жеңилди. Муну менен Нуртаева Азия оюндарынын күмүш байгесин утту.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз