Казакстан ШКУ өлкөлөрүнө капиталдарды бириктирүүнү жана жалпы өнүктүрүү банкын түзүүнү сунуштадыБишкекте майыптуулук боюнча комиссиянын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалдыКандай учурда айдоочулук күбөлүктөн жарым жылга ажыратып, айып пул көбөйөт? — мыйзам долбооруБишкектиктер суу эсептегичтин көрсөткүчтөрүн мобилдик тиркеме аркылуу жөнөтө алышатКоенкөзов көчөсүндөгү жолду курулуш компаниясы тосууда — бийликтин алы келбей жататДүйнөлүк банк Оштогу «Эко Азык» логистикалык борборунун инфратүзүмүнө 10 млн сом бөлөт
Айпери Медет кызы Азия оюндарынын алтыны үчүн күрөшөт
06.10.2023 | 11:34
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Азия оюндарынын финалына чыкты. Ал 76 кг салмакта күч сынашууда
Бүгүн, 6-октябрда таймашка чыккан Айпери Медет кызы биринчи беттешинде кытайлык спортчуну 2:1 эсебинде утту.
Чейрек финалда ал вьетнамдык балбан кызды мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.
Ал эми жарым финалда Айпери Медет кызы Кытайлык Тайбейдин спортчусу менен беттешип, аны да мөөнөтүнөн мурда жеңди.
Эми алтын үчүн беттеште ал казакстандык Жамиля Бакбергенова менен күрөшөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз