Кандай учурда айдоочулук күбөлүктөн жарым жылга ажыратып, айып пул көбөйөт? — мыйзам долбоору

Кыргызстанда Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Жолдогу адам өлүмүн азайтууга, оор жол кырсыктарынын алдын алууга жана жол кыймылынын коопсуздугун күчөтүүгө багытталган бул түзөтүүлөрдүн демилгечиси — КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери Болот Ибрагимов.
Мыйзам долбоорунун башкы максаты — адам өмүрүн сактап калуу жана Кыргызстандын жолдорун коопсуз кылуу.
Төмөнкү эреже бузуулар үчүн айдоочулук күбөлүктөн 6 айга ажыратуу сунушталууда:
• ылдамдыкты 40-60 км/саатка ашырууну кайталап бузганда (экинчи жолу кармалганда);
• ылдамдыкты белгиленген чектен 60 км/сааттан да жогору ашырып айдаганда;
• мамлекеттик номери жок же жашырылган унаа менен кайталап эреже бузганда;
• светофордун тыюу салган (кызыл) белгисинен өтүп кеткенде;
• туташ сызыкты (сплошная) кесип өтүп, каршы тилкеге чыкканда;
• инспектордун токтотуу талабына экинчи жолу баш ийбегенде.
Ошондой эле төмөнкү эреже бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү сунушталууда:
• ылдамдыкты 20-40 км/саатка ашыргандыгы үчүн — 5 миң сомго чейин;
• ылдамдыкты 40-60 км/саатка ашыргандыгы үчүн — 15 миң сомго чейин;
• коопсуздук курун тагынбагандыгы же мотошлемдин жоктугу үчүн — 3 миң сомго чейин;
• жол белгилеринин жана чийиндердин талаптарын бузгандыгы үчүн — 5 миң сомго чейин;
• жөө адамдар өтмөгүнөн өтүү эрежелерин бузуу жана рулда баратып телефон менен сүйлөшкөндүгү үчүн — 5 миң сомго чейин;
• кесилиштерден өтүү эрежелерин бузуу жана тротуар менен жүргөндүгү үчүн — 10 миң сомго чейин;
• инспектордун токтотуу талабына баш ийбегендиги үчүн — 7,5 миң сомго чейин;
• баланы атайын балдар отургучу жок ташыгандыгы үчүн — 2 миң сомго чейин;
• айдоочулук күбөлүгү жок балага же мас абалдагы адамга унааны башкарууга уруксат берип, анын кесепетинен ден соолукка зыян келтирилген жол кырсыгы катталса — 20 миң сомго чейин.