КР коргоо министринин мурдагы орун басары Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн жаралган тобокелдиктер тууралуу билдирди

КР коргоо министринин мурдагы биринчи орун басары Мурат Бейшенов ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин алдында «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору уюштурган «Терроризмсиз, экстремизмсиз жана сепаратизмсиз дүйнө: глобалдык коопсуздук системасындагы ШКУнун жана БА (Борбордук Азия) өлкөлөрүнүн ролу» аттуу тегерек столдун жүрүшүндө азыркы мезгилдин ири террористтик түзүмдөрү тууралуу айтып, Ооганстандагы кырдаалга баа берди жана аймактык коопсуздукту бекемдөө боюнча бир катар чараларды сунуштады.
Бейшенов эң ири эл аралык террористтик түзүмдөрдүн катарында «Аль-Каида» жана аны менен байланышкан уюмдарды, пакистандык «Техрик-е Талибан Пакистан» кыймылын, ИГИЛ тобун, ошондой эле Өзбекстан ислам кыймылын жана Чыгыш Түркстан ислам кыймылын камтыган бир катар башка бирикмелерди бөлүп көрсөттү.
Эксперт өз баамында бүгүнкү күндө Ооганстандын аймагында ар кандай террористтик топтор бар экенин белгилеп, муну өлкөдөгү сакталып турган туруксуздук жана татаал социалдык-экономикалык кырдаал менен байланыштырды.
Анын айтымында, Ооганстандын азыркы бийлиги ички маселелерди чечүүгө көңүл бурууда, бирок ошол эле учурда ар кандай куралдуу топторго каршы туруу үчүн ресурстардын чектелүүсүнө туш болууда.
Ошондой эле эксперт Ооганстандагы кырдаал Борбордук Азия мамлекеттеринин коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизип жатат деген пикирин билдирди. Ал кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүү жана чара көрүү механизмдерин бекемдөө зарылдыгына көңүл бурду.
Бейшенов заманбап террористтик түзүмдөр радикалдуу топтор жөнүндөгү көнүмүш түшүнүктөрдөн кыйла айырмаланарын өзүнчө баса белгиледи. Анын айтымында, сөз заманбап коммуникация, маалыматтык таасир этүү жана жалдоо (вербовка) ыкмаларын колдонгон мыкты уюшулган тармактар жөнүндө болуп жатат, бул аймактагы мамлекеттер үчүн кошумча тобокелдиктерди жаратат.
Эл аралык кызматташуу тууралуу сөз кылып жатып, эксперт Борбордук Азиянын айрым өлкөлөрү чек араларды бекемдөө жана коопсуздук чөйрөсүндөгү аракеттерди координациялоо маселелери боюнча ишти активдештиргенин белгиледи.
Сөзүнүн өзүнчө бир бөлүгү терроризмге, экстремизмге жана радикалдуу идеологиялардын жайылышына каршы туруу боюнча сунуштарга арналды.
Тактап айтканда, Бейшенов коопсуздук маселелерин талкуулоо үчүн эл аралык аянтчаларды, анын ичинде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин болочок туруктуу эмес мүчөсү катары Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүн активдүү колдонууну сунуштады.
Мындан тышкары, эксперт Бишкекте коопсуздук маселелери боюнча ШКУнун стратегиялык талдоо жана божомолдоо борборун түзүү демилгесин көтөрдү. Бул борбор тобокелдиктерге эксперттик баа берүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу менен алектенмек. Ошондой эле ал маалыматтык ишти күчөтүүнү жана радикалдык пропагандага каршы туруунун өздүк куралдарын (инструменттерин) өнүктүрүүнү сунуштады.
Бейшеновдун пикиринде, ЖККУ жана ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы координация, анын ичинде тыюу салынган уюмдардын тизмесин түзүүгө карата мамилелерди актуалдаштыруу жана заманбап чакырыктарды (коркунучтарды) эске алуу менен терроризмге каршы туруунун улуттук стратегияларын жаңылоо маселелери өзгөчө көңүл бурууну талап кылат.