Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бишкектиктер суу эсептегичтин көрсөткүчтөрүн мобилдик тиркеме аркылуу жөнөтө алышат
25.06.2026 | 15:14

«Бишкексууканал» ишканасынын абоненттери үчүн «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде жаңы кызмат ишке кирди. Эми жарандар суу эсептегичтердин көрсөткүчтөрүн онлайн түрдө жибере алышат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Бул үчүн тиркемедеги «Кызматтар» бөлүмүнө кирип, «Коммуналдык кызматтар» менюсунан «Бишкексууканалды» тандоо керек. Көрсөткүчтөрдүн так киргизилиши төлөмдөрдүн туура эсептелиши үчүн маанилүү.
Мэрия учурда коммуналдык кызматтарды санариптештирүү иштери уланып жатканын билдирди. Жакынкы арада ушундай эле функциялар борбор калаанын башка коммуналдык ишканалары үчүн да ачылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Бишкек