Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырды
Ошто жаңы «Жибек жолу» базары ачылды
22.06.2026 | 10:02

Ош шаарынын борбордук базарынын аймагында жаңы «Жибек жолу» базары ачылды. Жаңы соода комплекси 1 миң 400 орунга ылайыкталган. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, базарда төрт ири ангар жайгашкан. Ага мурдагы «Келечек» базарында иштегендер, ошондой эле Ош көчөсүндөгү килем, эмерек базары жана Шейит-Дөбөдөгү курулуш материалдарын сатуучулар көчүп келишти. Андан тышкары, комплекстин аймагында 11 тамактануучу жай, сулуулук салондору жана кийим-кече дүкөндөрү орун алды.
Расмий ачылышка Ош шаарынын мэринин орун басарлары, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, жеке ишкерлер жана жергиликтүү тургундар катышты. Салтанат концерттик программа менен коштолуп, эстрада жылдыздары өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Теги: Ош