Эксклюзив

Коенкөзов көчөсүндөгү жолду курулуш компаниясы тосууда — бийликтин алы келбей жатат

25.06.2026 | 15:12
Коенкөзов көчөсүндөгү жолду курулуш компаниясы тосууда — бийликтин алы келбей жатат — Новости Кыргызстана

Reporter.kg редакциясына Коенкөзов көчөсүнүн жашоочулары кайрылып, «Арзы Девелопмент» компаниясынын атайын техникасы Коенкөзов көчөсү, 130–130а дарегинде Mono бизнес-класстагы 10 кабаттуу турак жайын куруу учурунда жолду дайыма тосуп жатканына нааразычылыктарын билдиришти.

Депутаттын да тиши өтпөдү

Белгилей кетсек, бул компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу июнь айынын башында парламенттин жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева айтып чыккан.

Коенкөзов көчөсүндөгү жолду курулуш компаниясы тосууда — бийликтин алы келбей жатат — иллюстрация

Парламентарийдин айтымында, куруучунун курулуш иштеринин натыйжасында Коенкөзов көчөсүндөгү жанаша жайгашкан жеке үйдүн дубалы үч жолу урап түшкөн.

«Мындан тышкары, 2025-жылдын ноябрь айында курулуп жаткан турак жай объектисинин бир бөлүгү урап, газ магистралына зыян келтирип, анын да урашына алып келген», — деп билдирген ал.

Ошондо, «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын «Бишкекгаз» филиалынын актысына ылайык, 25 жеке үй жана 60 батирлүү бир көп кабаттуу үй газсыз калган.

Коенкөзов көчөсүндөгү жолду курулуш компаниясы тосууда — бийликтин алы келбей жатат — контекст события

Ошондой эле, Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын ноябрь айында «кетирилген кемчиликтер үчүн „Арзы Девелопмент“ ЖЧКсына 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу жана кемчиликтер четтетилгенге чейин объектте курулуш иштерин токтотуу жолу менен административдик чаралар көрүлгөн».

«2026-жылдын май айында коңшу имараттын кайрадан урап түшүшүнө байланыштуу башкармалык тарабынан пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлүп, кайрадан 200 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынып, бузууларды четтетүү боюнча эскертме берилген», — деп айтылат мекеменин Коенкөзов көчөсүнүн жашоочуларынын суроо-талабына берген расмий жообунда.

ЖКККББ таягын түшүрдүбү?

Ошондой эле, жашоочулардын айтымында, 1-июндан 24-июнга чейин унаалар үчүн жол, ошондой эле жөө адамдар өтүүчү аймак КР ИИМдин ЖКККББсынын (Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы) жана мэриянын уруксаты бар экендиги тууралуу маалымат тактасы (штендери) жок эле кран жана жүк ташуучу унаалар менен сегизден ашык жолу тосулган.

Эскерте кетсек, 2026-жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин Кыргызстанда максималдуу салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынган. Ошондо Транспорт министрлиги чектөөлөр күндүз — саат 10:00дөн 20:00гө чейин — абанын температурасы 28 °C жана андан жогору болгондо күчүндө болорун тактаган.

«Мындай чаралар асфальтты деформациядан коргоо жана ысык мезгилде жалпы пайдалануудагы жолдордун кызмат кылуу мөөнөтүн узартуу үчүн жыл сайын колдонулат. Эрежелердин сакталышын Жер үстүндөгү жана суу транспорту департаментинин көчмө топтору стационардык посттордо жана жол бойлорунда көзөмөлдөйт», — деп баса белгилешкен эле мекемеден.

Ал эми компанияда абанын температурасы 28 °C жана андан жогору болгондо максималдуу салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салуу боюнча: «Автокран иштерди аткаруу мезгилинде кыймылсыз, стационардык абалда болот жана унаа жүрүүчү бөлүк менен кыймылдабайт», — деп түшүндүрүшүүдө.

Чынында, бул автокран объектке кантип жетип жатканын кабарчыга тактап беришкен жок.

Ошондой эле, «Арзы Девелопмент» компаниясы автокран кыска мөөнөткө гана — күнүнө 30-40 мүнөттөн, жумасына эки жолудан ашык эмес иштей турганын ырастоодо.

Бирок аргасы түгөнгөн тургундар техника мындан алда канча узакка турарын айтып даттанышууда.

Ошондой эле куруучуну мүнөздөгөн кызыктуу жагдай бар: ачык бюджеттин маалыматы боюнча, 2025-жылдын 16-декабрында «Арзы Девелопмент» ЖЧКсы мамлекеттик каттоо номери 01KG429BW болгон транспорт каражаты тарабынан келтирилген 125 миң 975 сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурган.

«Төлөм» укуктук порталынын маалыматы боюнча, аталган мамлекеттик номер ZOOMLION үлгүсүндөгү ZTC550V532 жүк ташуучу унаасына катталган.

Коенкөзов көчөсүндөгү жолду курулуш компаниясы тосууда — бийликтин алы келбей жатат — фото 4

Ачык булактарда ZOOMLION ZTC550V532 автокранынын транспорттук абалдагы өз салмагы (жабдылган салмагы) 39 миң килограммды, ал эми жумушчу абалдагы толук салмагы (каршы салмактарды эске алуу менен) — 42 миң килограммга жакындай турганы көрсөтүлгөн.

Сүрөттөргө караганда, дал ушул транспорт каражаты Коенкөзов көчөсүндөгү жолду дайыма тосуп турат.

«Биз ЖКККББга бир нече жолу кайрылып, мыйзам бузуулардын сүрөт, видеолорун жөнөткөнбүз, бирок ушул күнгө чейин эч кандай реакция жок», — деп нааразы болот шаар тургуну.

Адилеттүүлүк үчүн белгилей кетсек, КР ИИМдин ЖКККББсында билдирүүлөрдү көз жаздымда калтырышпайт — ал жактан дайыма: «арыз кабыл алынды» деп жооп беришет. Муну менен жолдогу тартипти камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын аракеттери аяктайт.

КР ЖКККББнын басма сөз кызматына суроо-талап жөнөткөн кабарчыны да ушундай эле тагдыр күтүп турду.

«Суроо-талап тиешелүү кызматтарга жөнөтүлдү, жооп күтүп жатабыз», — деп айтылат билдирүүдө. 

Күтүүнүн төртүнчү күнү өтүп жатат…

Жарым кирпичке

Эми борбор калаа муниципалитетинин уруксаты тууралуу.

Курулуш компаниясындагылар «техникалык зарылчылыктан улам курулуш аянтчасынын тосмосу Бишкек шаарынын мэриясынын 15.06.2026-жылдагы № 20-31/4171 уруксатынын негизинде убактылуу жылдырылган» деп ырастоодо.

«Буга байланыштуу автокрандын иштөө орду бир аз өзгөртүлгөн. Ошол эле учурда иштер белгиленген тартипте жана зарыл болгон коопсуздук чараларын сактоо менен жүргүзүлүүдө», — деп айтылат куруучунун расмий катында.

Курулуш компаниясынын жетекчилигине даректелген, вице-мэр Рамиз Алиевдин колу коюлган каттын өзүндө: «курулуш тилкесине жанаша жайгашкан аймак, милдеттүү кошумча көрктөндүрүү аймагы буйрутмачы тарабынан курулуштун башкы планына ылайык, жер тилкесин кошумча жол-жоболоштурбай эле колдонулушу мүмкүн» деп айтылат.

Белгилей кетсек: катта муниципалдык жол тууралуу бир да сөз жок.

«Кеп негизги жолдон бир метр оң тарапта жайгашкан, аларга курулуш материалдарын сактоого уруксат берилген жер тилкеси жөнүндө болуп жатат», — деп түшүндүрдү Коенкөзов көчөсүнүн нааразы болгон тургуну.

Билбегендерге түшүндүрө кетели: Кыргызстандын мыйзамдары юридикалык күчү боюнча мамлекеттик жана муниципалдык органдардын буйруктарынан, уруксаттарынан жана башка документтеринен, алтургай аларда вице-мэр Рамиз Алиевдин жана мэрдин колу коюлуп турса дагы, жогору турат.

Ал эми мыйзамда мындай делет: КР «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамынын 9-беренесине ылайык, калктуу конуштардын чектеринде жайгашкан жана транспорттук байланыштарды камсыз кылган, алардын инфраструктурасынын курамдык бөлүгү болуп саналган жолдор, көчөлөр, өткөөлдөр жана транспорттук жолдор муниципалдык жолдорго кирет.

«Муниципалдык жолдор жалпы пайдалануу үчүн ачык болуп саналат, сатылбайт жана жеке менчикке берилиши мүмкүн эмес», — деп айтылат аталган мыйзамдын беренесинде.

Мындан тышкары, Курулуш министринин орун басары Б. К. Станбековдун колу коюлган расмий катта «бул объекттеги курулуш-монтаждоо иштери Курулуш министрлигинин 22.05.2026-жылдагы № 306 буйругунун негизинде токтотулгандыгы» маалымдалат.

Бул документ менен куруучулар жана курулуш компаниялары үчүн шаардык инфраструктураны жана калктуу конуштардын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга багытталган милдеттүү талаптар бекитилген.

«Жоопкерчилик» бөлүмүндө: «Куруучулар оор техникадан бузулган жолдорду калыбына келтирүүгө жана жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайсыздыктарды минималдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү», — деп көрсөтүлгөн.

Бирок, тургундар менен куруучунун ортосунда түзүлгөн кырдаалга караганда, ыңгайсыздыктарды минималдаштыруу боюнча куруучунун өзүнчө эле түшүнүгү бар өңдүү.

Альтернативдүү кеңеш

Дагы бир кызыктуу жагдай: Мамкурулуштун (учурда — КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги — ред. эск.) директору Нурдан Орунтаевдин демилгеси менен Кыргызстандын бардык курулуш объектилеринде турак жайдын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн милдеттүү QR-коддор системасы киргизилген.

«Бул жарандарга кыймылсыз мүлктү сатып алганга чейин уруксат берүүчү документтердин бар экендигине ынанууга мүмкүндүк берет. QR-коддун болушу объекттин мамлекеттик көзөмөлдө экендигине жана бардык зарыл болгон уруксат документтерине ээ экендигине кепилдик берет», — деп билдирген эле Орунтаев.

Белгилей кетсек, материал жарыяланган учурда Коенкөзов көчөсү, 130 дарегинде курулуп жаткан объекттин тосмосуна илинген QR-кодду сканерлөөдө Курулуш министрлигинин сайтында ал тууралуу маалымат чыккан эмес.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарчыга «сайт убактылуу иштебей жатат, кайра жүктөө (перезагрузка) жүрүүдө» деп түшүндүргөн, бирок эмнегедир Бишкекте курулуп жаткан башка объекттердин QR-коддору эң сонун эле окулуп жаткан.

«Арзы Девелопмент» бизге Курулуш министрлигинин курулуп жаткан имараттардын реестринде объект бар экенин, ал эми QR-кодго келсек, «ал жаңыртылганын жана эртең (бүгүн эле — ред. эск.) жаңысына алмаштырыларын» түшүндүрүштү. А биз күтө турабыз.

Ошондой эле компания жашоочуларга «кирүү-чыгуунун жана өтүүнүн альтернативдүү жолдорун» колдонууну сунуштоодо.

«Тактап айтканда, Жумабек көчөсү тараптагы жашоочулардын Жумабек көчөсү менен Исанов көчөсүнө, ошондой эле Коенкөзов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисине чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Коенкөзов кууш көчөсү (переулок) тараптагы жашоочулар Коенкөзов көчөсүнө жана Фрунзе көчөсүнө чыга алышат», — деп айтылат куруучунун катында.

Бул сунушту сыягы Тез жардам кызматынын, ӨКМдин транспорту, пенсионерлер жана коляска сүйрөгөн энелер да карманышы керек окшойт.

Анда «Арзы Девелопментке» курулуп жаткан объектте атайын техника кайда турушу керектиги так көрсөтүлгөн бекитилген башкы планын (генплан) кунт коюп окуп чыгууну сунуштоо максатка ылайык болот.

Коенкөзов көчөсүндөгү жолду курулуш компаниясы тосууда — бийликтин алы келбей жатат — фото 16

Эгерде аны таба албай жатсаңыз — бизге кыйын эмес, биз айтып коёбуз: ал 11 жана 12-номерлерде катталган жана башкы планда анын шарттуу белгилеринде «жүктү алып өтүүгө тыюу салынган жердеги сызык» катары белгиленген кызыл сызыктан сыртка чыкпайт.

Ошондо, эгерде бул документти так аткара турган болсок, альтернативдүү жолдор тууралуу сунуштарды тартынбай эле өзүңүздөргө калтырсаңыздар болот.

Анара Мамытова
Артём Суворов

Scroll to Top