Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Бишкекте майыптуулук боюнча комиссиянын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалды
25.06.2026 | 15:47

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы №2 медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери пара алууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, иликтөөнүн жүрүшүндө комиссиянын төрагасы «Ч.Т.И.» жана эксперт-дарыгер «Т.Э.М.» кармалган. Алар майыптуулукту белгилөө жана аны узартуу маселелерин чечүү үчүн системалуу түрдө акча алып турушканы аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Пара алуу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар