Дары өсүмдүктөрүн Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү пландалууда

Айыл чарба министрлигинде дары өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн технологиялык карталарын иштеп чыгуу боюнча жумушчу кеңешме өттү. Ага Улуттук илимдер академиясынын жана Кыргыз улуттук агрардык университетинин кызматкерлери катышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Кеп айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тизмесине киргизилген өсүмдүктөр жөнүндө болуп жатат. Катышуучулар аларды айыл чарба өндүрүшүнө кантип киргизүү керектигин талкуулап, агротехникалык өзгөчөлүктөрүн карап чыгышты. Аларга үрөндөрдү даярдоо жана себүү, өсүмдүктөрдү багуу, сугаруу, түшүм жыйноо жана сактоо кирет.
Ошондой эле ар бир өсүмдүктүн биологиялык өзгөчөлүктөрүн, топурак-климаттык шарттарды жана өстүрүү технологияларын эске алуу менен технологиялык карталарды иштеп чыгуу, илимий жактан негизделген сунуштарды даярдоо жана дары өсүмдүктөрүн айыл чарбасында колдонууну кеңейтүү маселелери талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгында адистер технологиялык карталарды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдай турганы макулдашылды. Бул багыттагы иштер улантылат.