Айтургандын өлүмү: «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Айтургандын өлүмү: «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Айтурган Маматкулованын өлүмү боюнча милиция тарабынан «өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Козголгон иштин алкагында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилет.

Ишти Бишкектин Октябрь райондук милициясы тергеп жатат. Башкы прокуратура тергөөнүн жүрүшү алардын көзөмөлүндө экенин билдирди.

Эскерте кетсек, 25 жаштагы Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги ооруканалардын биринде каза болгон. Маркум келиндин ата-энеси аны күйөөсү сабап өлтүргөнүн айтып жатат. Кыздын туугандарынын айтымында, 1 жыл мурда турмуш курган Маматкулованы буга чейин дагы күйөөсү уруп-сабаган.

Күйөөсүнүн билдирүүсүндө, жубайы дары ичип өз жанын кыйган.

Буга чейин милиция Маматкулованын денесинде күч колдонуунун тактары болбогонун, тиешелүү экспертизалар дайындалганын кабарлаган. Бирок Айтурган Маматкулованын ата-энеси кызынын өз жанын кыйганына ишенбей турганын, кызынын денесинде көгала тактар бар экенин айтышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>