Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр үчүн бир айга «жашыл коридор» киргизилди

Миграциялык мыйзамдарды бузган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар административдик айып пул төлөбөстөн Кыргызстандан чыгып кете алышат. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Жарлыкка ылайык, мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар 2026-жылдын 1-июлунан 31-июлуна чейин төмөнкүдөй иш-аракеттерди аткарышы керек:
- жүргөн жери боюнча ички иштер органдарына кайрылып, тиешелүү кат алуу;
- алынган документтин негизинде www.evisa.e-gov.kg сайты аркылуу чыгуу визасын алууга өтүнмө берүү.
Аталган мөөнөттө кайрылган жарандарга төмөнкүдөй жеңилдиктер берилет:
- чыгуу визасы визалык жыйым алынбастан таризделет;
- Кыргыз Республикасында жүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик айып пул салынбайт.
Министрлик ошондой эле өтүнмө берүүдө ортомчулардын кызматын колдонбостон, ички иштер органдарына жана электрондук виза сайтына өз алдынча кайрылуу зарылдыгын эскертти.
Айып пулсуз жана жыйымсыз чыгуу визасын алуу үчүн арыздар 2026-жылдын 31-июлу саат 23:59га чейин гана кабыл алынат. Бул чара миграциялык эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана өлкөдө миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн жарандардын санын кыскартуу максатында кабыл алынган.