27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалды
Бишкекте бомба коюлганы тууралуу маалыматтар текшерилүүдө — ТИМ жана Экономика министрлигинин кызматкерлери эвакуацияланды
22.06.2026 | 14:02

Учурда ИИБге 10 объектке бомба коюлганы тууралуу маалымат боюнча ЖМКлардан суроо-талаптар түштү, деп билдиришти Reporter.kg’ге Биринчи Май райондук ИИБдин (Ички иштер башкармалыгы) басма сөз кызматынан.
Мекеменин маалыматына ылайык, бул билдирүүлөр текшерилип жатат.
Ошондой эле ИИБ учурда эки мекеме тең жайгашкан Эски аянттагы Өкмөт үйүнөн ТИМдин (Тышкы иштер министрлиги) жана Экономика министрлигинин кызматкерлери эвакуацияланганын тастыктады.
Учурда имарат курчоого алынып, жеринде адистер иштеп жатышат.
Белгилей кетсек, бүгүн «Манас» эл аралык аэропортуна да бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн, бирок жарылуучу зат табылган жок. Саат 12:15те аэропорт кадимки режимде ишин жанданткан.