Бийликти басып алууга чакырык жасаган деген шек менен изделген кыргызстандык Орусиядан экстрадицияланды — УКМК

Орусияда массалык башаламандыктарга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасагандыгы үчүн өз өлкөсүндө издөөдө жүргөн Кыргызстандын 35 жаштагы жараны кармалып, өлкөгө алынып келинди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, аталган жаранга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык башаламандыктар») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
УКМКнын билдиришинче, ал буга чейин Орусиянын Түштүк-Сахалинск шаарында жашырынып жүргөн жана ал жактан Instagram баракчасы аркылуу системалуу түрдө чагымчыл материалдарды жарыялап турган.
Мекемеден белгилешкендей, шектүү Кыргызстандагы кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында социалдык тармактагы купуялуулук жөндөөлөрүн (настройки конфиденциальности), ошондой эле ойдон чыгарылган жеке маалыматтарды (жасалма аты-жөнүн) колдонгон.
Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына (ТИЗО) киргизилди.
УКМК социалдык тармактарда чындыкка дал келбеген жана чагымчыл маалыматтарды тараткандык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет. Буга байланыштуу атайын кызмат жарандарды мындай билдирүүлөрдү жарыялоодон карманууга чакырат.