Beta Tea компаниясы Кыргызстанда чай өндүрүүчү фабрика курууну караштырууда

26.06.2026 | 16:33
Beta Tea компаниясы Кыргызстанда чай өндүрүүчү фабрика курууну караштырууда — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 26-июнда, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров «Beta Tea» компаниясынын жетекчилери Угур Ахмет Саит жана Жанполат Сафердин менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Ош жана Чүй облустарында чай өндүрүүчү фабрика куруу долбоорун ишке ашыруу болду.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин маалыматында, жолугушууда аталган долбоорду баштоо үчүн ылайыктуу жер тилкелерин тандоо, уюштуруу иштери жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү маселелери талкууланган.

Равшанбек Сабиров өндүрүш багытындагы долбоорлорду аймактарга тартуу жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экономикалык өсүшкө шарт түзөрүн белгилеген.

«Жаңы өндүрүштөрдүн ири шаарларда гана эмес, аймактарда да өнүгүүсү маанилүү. Бул экономикалык өсүш үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», — деген ал.

Сүйлөшүүлөдүн сонунда тараптар инвестициялык демилгелерди коштоо жана кызматташуунун багыттарын деталдуу иштеп чыгуу боюнча диалогду улантууну макулдашышкан.

Scroll to Top