Аксыда уулангандарга депутаттыкка талапкер чай берген

Аксыда уулангандарга депутаттыкка талапкер чай берген

Аксы районунун Кара-Суу айылында каза болгон адамдар эмнеге ууланышкан азырынча белгисиз. Бул тууралуу  «Репортерго» Кара-Суу айыл аймагынын жетекчиси Дөөлөт Миңбаев билдирди.

Анын айтымында каза болгондор алтыдан көп деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.

“Адамдардын эмнеден ууланганы так эмес, спирт ичимдигиби же башкабы экспертизанын жыйынтыгы менен белгилүү болот. Уулангандардын баары бир кафеде чогу чай ичишкен.  Алты адам каза болду, бир адам ооруканада дарыланып жатат, калгандары учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Айылдык кеңешке талапкер эмнеге байланыштуу чай берген азырынча так маалымат жок”, — дейт Миңбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн 4-мартта таңга маал Аксы райондук ооруканасына Кара-Суу айылынын 4 тургуну ууланып түшкөн. Алардын үчөө каза болуп бири оор абалда ооруканада жатат. Дагы үч адам үйлөрүндө каза болгону айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>