Аксыда ууланып каза болгондордун саны алтыга жетти

Аксыда ууланып каза болгондордун саны алтыга жетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында спирт ичимдигине ууланып, каза болгондордун саны 6га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

«Бүгүн, 4-мартта таңкы саат 03:00дөн саат 04:30га чейинки аралыкта Аксы районундагы аймактык ооруканага 4 жаран кайрылган. Алардын үчөө көрүлгөн чараларга карабай каза болуп, бир бейтап дарыланууда анын абалы оор.

Мындан тышкары дагы 3 жаран үйүндө каза болгон.Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам маалымат боюнча, 2-мартта саат 13:30дан саат 16:30га чейинки аралыкта Кара-Суу айлынын 19 тургуну кафеден түштөнүшкөн. Бейтаптардын айтымында, алар салат, бешбармак жана сууга аралаштырылган спирт ичимдигин ичишкен.

Учурда массалык уулануу боюнча эпидемиологиялык тергөө башталып, уулангандар менен чогуу тамактанган башка адамдарды аныктоо иши жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат эпидемиологиялык текшерүүнн жыйынтыгы менен берилет», — деп билдиришти министрликтен.

Буга чейин Кара-Суу айылынын 3 тургуну ууланып каза болгону кабарланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>