ТСЖнын отчеттуулугунан жаныбарларды коргоого чейин — Дастан Бекешев мыйзам долбоорлору тууралууКРда ыдык көрсөткөндөргө айып, камак жана абак жазасы сунушталдыБишкектин көчөсүндө кызды курал менен коркуткан шектүү кармалдыБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде арт-терапия өтөтКыргызстанда учактарды тейлөөгө карата талаптарды күчөтүү пландалуудаКурулушту кечиктирген ишканаларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейт
Бишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде арт-терапия өтөт
05.11.2026 | 12:12

11-ноябрда Бишкек шаарындагы Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Дененин тили — түс жана форма аркылуу диалог» аттуу арт-терапия өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Иш-чараны психолог жана арт-терапевт Багида Бообекова алып барат. Арт-терапияда катышуучулар түстөрдүн, сызыктардын жана медитативдик сүрөт тартуу ыкмаларынын жардамы менен сезимдер менен дене абалынын байланышын изилдешет. Ошондой эле жеке «Эмоционалдык палитрасын» түзүп, дене картасы менен иштешет.
Иш-чарага катышуу үчүн сүрөт тартуу боюнча атайын көндүмдөр талап кылынбайт.
Иш-чара саат 11:00дө башталып, 1–1,5 саатка созулат. Орундардын саны чектелгендиктен, алдын ала катталуу керек: 0558 977 900 (WhatsApp).
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият
Теги: арт-терапия