Садыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыМихаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келдиУлуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө берди
Айылда аялдар эркектерге караганда көп иштешеби? Жооп
08.03.2022 | 13:50
Аялдар менен эркектер убактысын эмнеге жумшашат? Орточо убакытты эсепке алганда, эркектер аялдарга караганда жумасына 4,6 саат көп иштешет. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитеттен билдирди.
Маалыматка караганда, шаарларда дээрлик эч кандай айырма деле жок. Эркектер жумасына 38 саат, аялдар болсо 37 саат иштешет. Айырмачылык айыл жеринен келип чыгат, ал жерде эркектер жумасына 35 саат, аялдар 28 саат эмгектенишет. Бирок, аялдар үй жумуштарына көбүрөөк убакыт коротушат. Шаарда эркектер күнүнө бир саат, аялдар 4 саатка жакын убакыт өткөрүшөт. Айылда эркектер күнүнө бир сааттай, аялдар 5 сааттай үй жумуштарын жасашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом