Кыргызстандын атайын багыттагы бөлүгү Екатеринбургдагы «Вызов» мелдештерине катышууда

01.09.2026 | 09:10
Кыргызстандын атайын багыттагы бөлүгү Екатеринбургдагы «Вызов» мелдештерине катышууда — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн командасы Екатеринбургдагы «Свердловск» полигонунда өтүп жаткан атайын багыттагы бөлүктөр арасындагы «Вызов» мелдештерине катышууда. Бул тууралуу КР Коргоо министрлиги билдирет.

Мелдештер 24-августта башталган. Ага Кыргызстандын, Орусиянын, Казакстандын жана Индиянын атынан келген 40ка жакын команда катышууда.

Кыргызстандын атайын багыттагы бөлүгү Екатеринбургдагы «Вызов» мелдештерине катышууда — фото 4

Катышуучулар өздөрүнүн кесиптик даярдыгынын деңгээлин, физикалык туруктуулугун жана иш-аракеттеринин тактыгын, ошондой эле татаал жана динамикалык шарттарда коюлган тапшырмаларды аткаруу жөндөмүн көрсөтүшү керек.

Мелдештин программасы атайын багыттагы бөлүктөрдүн тапшырмаларына жакындаштырылган практикалык сыноолордун комплексин камтыйт.

Тактап айтканда, командалар барымтадагыларды бошотуу, басып алуу жана эвакуациялоо боюнча көнүгүүлөрдү аткарышат, тоскоолдуктар тилкесинен өтүшөт, ошондой эле буктурмада жана чабуул учурундагы аракеттердин көндүмдөрүн көрсөтүшөт.

Кыргызстандын атайын багыттагы бөлүгү Екатеринбургдагы «Вызов» мелдештерине катышууда — фото 7

Мындан тышкары, программага «Дуэль» жана «Башня» сыноолору кирген.

«Вызов» мелдештери ар кайсы өлкөлөрдүн атайын багыттагы бөлүктөрүнө өздөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн көрсөтүүгө жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

Scroll to Top