ШКУ: саммиттин катышуучуларынын толук тизмеси

1-сентябрда Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйыны жана «ШКУ плюс» форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушуу өтөт. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
ШКУнун мүчөлөрү
Саммитке Беларусь президенти Александр Лукашенко, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, КЭР төрагасы Си Цзиньпин, Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.
Саммиттин коноктору
Бишкекке ошондой эле Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Тогонун Министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимна Гнассингбе, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Лаостун президенти Тхонглун Сисулит, Вьетнамдын вице-президенти Во Тхи Ань Суан жана Египеттин вице-премьери Хусейн Иса келишет.
Эл аралык уюмдар
Иш-чараларга БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш, ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев, ШКУнун Аймактык антитеррордук түзүмүнүн (РАТС) Аткаруу комитетинин директору Уларбек Шаршеев, КМШнын башкы катчысы Сергей Лебедев, ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев жана АӨИЧКнын (СВМДА) башкы катчысы Кайрат Сарыбай катышат.
Күн тартиби
Саммиттин катышуучулары эл аралык жана аймактык күн тартибин, ШКУну өнүктүрүүнү, саясат, соода, экономика, транспорт жана логистика, санариптештирүү, экология жана гуманитардык чөйрөдөгү кызматташтыкты талкуулашат. Жыйындын жыйынтыгы боюнча ШКУнун жыйырма беш жылдыгы боюнча Бишкек декларациясына жана бир катар башка документтерге кол коюу пландалууда.
Саммит Кыргызстандын 2025–2026-жылдары ШКУга төрагалыгынын башкы жыйынтыктоочу иш-чарасы болот.