Кыймылсыз мүлктөрдүн басымдуусун аялдар башкараарын билчү белеңиз?

Кыймылсыз мүлктөрдүн басымдуусун аялдар башкараарын билчү белеңиз?

Аялдар менен эркектер кайсы тармактарда иштешет? Бул суроого Улуттук статистикалык комитет жооп берди.

Маалыматка караганда, кыймылсыз мүлк менен операциялар (96%), билим берүү (79%), саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтар (78%) сыяктуу иштерде аялдар басымдуулук кылат. Курулуш (99%), тоо-кен казуу, транспорт иштери жана товарларды сактоо (ар бири 96%) сыяктуу тармактарда эркектер көбүрөөк.Ишканалардын жетекчилеринин саны боюнча алып караганда аял, эркектердин саны бирдей. Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана кыймылсыз мүлк операцияларында жетекчилердин басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт, ал эми курулушта, тоо-кен казып алуу жана транспорт ишинде – эркектер. Ошол эле учурда билим берүү жана саламаттыкты сактоо экономикалык ишмердүүлүктүн эң аз төлөнүүчү тармактарынын катарына кирет, ал эми курулуш жана тоо-кен өндүрүшү эң көп төлөнүүчү тармактардын катарына кирет.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>