11 жалган фирма жана жасалма документтер: «Ак-Тилек» аркылуу көмүскө импорттун ири схемасы ачыкталды

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы өлкөгө товарларды мыйзамсыз ташып келүү менен алектенген трансулуттук топтун ишмердигине бөгөт койду. Кылмыштуу схеманын уюштуруучусу — жаран И.А. шериктери менен биргеликте иш жүзүндө эч кандай бизнес жүргүзбөгөн, жалган жана көз каранды адамдардын атына катталган 11 фиктивдүү юридикалык жактан турган тармак түзгөн.
Июндан августка чейин бул топтун катышуучулары «Ак-Тилек» товарларды эсепке алуу пункту аркылуу товарлардын баасын атайылап төмөндөтүп көрсөтүү менен ташып келип, андан кийин аларды эч кандай салык төлөбөстөн жана эсепке албастан сатып өткөрүп турушкан. Мыйзамсыз контрабанданы жашыруу максатында 2024-жылдын жазында эле ишин токтоткон жеке ишкердин (ЖИ) атынан жасалма коштоочу документтер колдонулган.
Жалган ишкердик кылуу жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактылары боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө органдары кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды жана мамлекетке келтирилген так зыяндын өлчөмүн аныктоо иштерин улантууда.