Маматалиев кыргызстандыктарды Билим күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев билим берүү тармагынын кызматкерлерин, мектеп окуучуларын, студенттерди жана ата-энелерди 1-сентябрь — Билим күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өз кайрылуусунда төрага билим берүү мамлекеттин өнүгүүсүнүн бекем пайдубалы, ал эми билимдүү жана демилгелүү жаштар өлкөнүн негизги байлыгы экенин белгиледи.
Маматалиев акыркы жылдары Кыргызстанда жаңы мектептер жана бала бакчалар курулуп, билим берүү мекемелеринин инфраструктурасы жаңыланып, заманбап технологиялар киргизилип жатканын эске салды. Анын айтымында, мамлекет билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана мугалим кесибинин кадыр-баркын көтөрүү боюнча да чараларды көрүп жатат.
«Бул өзгөрүүлөрдүн башкы максаты — келечек муунга сапаттуу билим алуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу. Анткени бүгүн мектеп партасында отурган ар бир окуучу эртең окумуштуу, ишкер же мамлекеттик ишмер боло алат», — деди төрага.
Ал Жогорку Кеңеш билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган мыйзамдык демилгелерди мындан ары да колдоого өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.
Маматалиев мугалимдерге өзүнчө кайрылып, алардын эмгеги жана жаш муунду тарбиялоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ал эми мектеп окуучулары менен студенттерди чет тилдерди үйрөнүүгө, санариптик технологияларды өздөштүрүүгө жана алдыга чоң максаттарды коюудан коркпоого чакырды.
«Убактыңарды баалап, билимге умтулгула. Алган билимиңерди элдин жыргалчылыгы жана өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн пайдалангыла. Анткени Кыргызстандын келечеги — билимдүү жаштардын колунда», — деп айтылат куттуктоодо.
Сөзүнүн соңунда Маматалиев мугалимдерге бекем ден соолук жана ишинде ийгиликтерди, ал эми мектеп окуучулары менен студенттерге терең билим, өз күчүнө ишеним жана жаңы жетишкендиктерди каалады.