«Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда коррупциялык схема аныкталып, мамлекеттик кызматкерлер кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Ак-Тилек автожол» өткөрмө пункту аркылуу жүк ташуучу унааларды мыйзамсыз өткөрүп туруу фактысын аныктап, бир нече мамлекеттик кызматкерди шектүү катары кармады.
Атайын кызматтын маалыматында, Мамлекеттик Чек ара кызматынын жана Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары коммерциялык жүктөрдү ташыган унаалардын Кыргызстандын аймагына тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздап турушканы аныкталган. Ошондой эле расмий документтерде аларды бош унаалар катары катташканы белгилүү болгон. Бул үчүн алар акча алып турушкан.

Тергөөнүн жыйынтыгында жогорку кылмыштарга шектелип, төмөнкү жарандар кармалды:
- Мамлекеттик Чек ара кызматынын аскер кызматкери Э.у.Ч.;
- Мамлекеттик салык кызматынын ЕАЭБ боюнча башкармалыгынын Түндүк аймактык кызматкерлери Ж.М.Т. жана О.К.И.;
- Жүк ташуучу унаанын айдоочусу Н.М.С.
Шектүүлөр Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.