Ысык-Көлдө кеме куруучу жайларды, эллингдерди жана калкыма платформаларды куруу сунушталууда — мыйзам долбоору

17.08.2026 | 13:51
Ысык-Көлдө кеме куруучу жайларды, эллингдерди жана калкыма платформаларды куруу сунушталууда — мыйзам долбоору — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда Ысык-Көлдө заманбап туристтик, жээк жана суу инфраструктурасын өнүктүрүүгө шарт түзүү максатында мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документти иштеп чыккандар — Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Алымбеков жана Табылды Муратбеков.

Мыйзам долбоорунда «”Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» жана «Ички суу транспорту жөнүндө» мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, демилгенин максаттарынын бири — көлдүн экосистемасына зыян келтирбестен, аймактын туристтик жана рекреациялык потенциалын толугураак пайдалануу.

Тактап айтканда, курорттук, рекреациялык жана суу инфраструктурасынын иштеши үчүн зарыл болгон объектилерди жайгаштырууга укуктук шарттарды түзүү сунушталууда. Сөз пирстер, эллингдер (кеме-кайык сактоочу жайлар), причалдар (кеме токтоочу жайлар), калкыма платформалар, айрым коомдук тамактануучу жайлар, санитардык-тиричилик объектилери жана башка зарыл инфраструктура жөнүндө болуп жатат.

Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда кемелерди жана суу транспортунун башка түрлөрүн куруу жана тейлөө үчүн шарттарды түзүү каралган. Кемелерди жана калкыма каражаттарды куруу, оңдоо, модернизациялоо жана пайдалануу үчүн верфтерди уюштурууга, курууга жана реконструкциялоого, ошондой эле эллингдерди, ангарларды, көмөкчү жайларды жана башка инфраструктураны түзүүгө уруксат берүү сунушталууда.

Демилгечилердин пикиринде, бул Ысык-Көлдө яхта, сейилдөөчү жана спорттук кеме каттамдарын өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы жумуш орундарын түзүп, инвестиция тартууга мүмкүндүк берет.

Өзүнчө багыт суу спортунун түрлөрүнө тиешелүү. Причалдарды, эллингдерди жана калкыма платформаларды желкендүү спортту, сапбордингди, спорттук клубдарды өнүктүрүү, машыгууларды жана мелдештерди өткөрүү үчүн пайдалануу сунушталууда.

Ошондой эле суу скутерлерин жана башка моторлуу чакан көлөмдөгү кемелерди пайдаланууну тартипке салуу сунушталууда. Алар үчүн атайын аймактарды, сууга түшүрүү жана токтотуу жайларын, коопсуз кыймыл маршруттарын аныктоо, ошондой эле сууга түшүүчү аймактарды жана моторлуу суу каражаттары жүрүүчү аймактарды бөлүү пландаштырылууда.

Мыйзам долбоору жээк аймагындагы коомдук дааратканалар маселесин да камтыйт. Саркасынды сууларды чогултуу жана тазалоо тутуму милдеттүү түрдө болгон шартта, аларды суунун жээгинен 100 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырууга уруксат берүү сунушталууда. Тазаланбаган саркасынды суулардын көлгө, кыртышка жана жер астындагы сууларга түз же кыйыр түрдө куюлушуна таптакыр жол берилбеши керек.

Дагы бир багыт — балык чарбасын жана аквакультураны өнүктүрүү. Тактап айтканда, балыктын эндемикалык түрлөрүн көлдүн акваториясынан тышкары атайын чарбаларда өстүрүү сунушталууда. Келечекте илимий жана экологиялык негиздемелер болгон шартта, мындай чарбалар Ысык-Көлдүн балык ресурстарын көбөйтүү үчүн колдонулушу мүмкүн.

Ошол эле учурда мыйзам долбоорунун авторлору туризмди, кеме курууну, суу спортун жана балык чарбасын өнүктүрүү Ысык-Көлдү экологиялык жактан коргоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келбеши керектигин баса белгилешет. Саркасынды сууларды көлгө агызууга тыюу салуу, аларды чогултуунун жана утилизациялоонун автономдуу тутумдарын колдонуу, ошондой эле өнөр жай өндүрүшүнүн объектилери үчүн мамлекеттик экологиялык экспертизанын талаптарын сактоо каралган.

Негиздеме-маалымкатта белгиленгендей, Ысык-Көлдү коргоонун өзгөчө режимин жокко чыгаруу эмес, экологиялык талаптарды милдеттүү түрдө сактоо менен зарыл болгон инфраструктураны өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү механизмди түзүү сунушталып жатат.

Мыйзам кабыл алынган учурда бир катар ченемдик укуктук актыларга, анын ичинде Ысык-Көл көлүнүн курорттук-рекреациялык аймагын куруу эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү талап кылынат.

Scroll to Top