Минкаб төрагасы 14-августтагы электр энергиясынын өчүрүлүшү боюнча иликтөө жүргүзүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 14-августунда орун алган электр энергиясынын өчүшүнүн себептерин изилдөө үчүн атайын комиссия түзүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу ал президенттик администрациянын аппараттык кеңешмесинде билдирди.
Касымалиев акыркы алты ай ичинде өлкөдө жогорку чыңалуудагы 26 авариялык өчүрүү катталганын айтып, бул көрсөткүчтөрдү сынга алды. Анын айтымында, пландан тышкаркы өчүрүүлөр бизнеске зыян келтирип, социалдык нааразычылык жаратат.
Ошондой эле минкаб башчысы министрликтердин, энергетикалык компаниялардын жана подряддык курулуш уюмдарынын бул өчүрүүлөргө жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук жана тартиптик баа берүү тапшырмасын берди.
Эске салсак, 14-августта Бишкекте электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурап, айрым жерлерде электр чыңалуулары өзгөргөн. Андан кийин бул көйгөйлөр Казакстан менен Тажикстанда да байкалганы маалым болгон.
Кийинчерээк бул окуя боюнча «Казакстандын электр тармактарын башкаруу компаниясы» маалымат берип, өчүрүүлөр Кыргызстандагы Токтогул ГЭСиндеги авариялык кырдаалдан улам келип чыкканын билдирген.