Ош шаарында 1200 орундуу Салижан Жигитов атындагы мектеп ачылдыАкча которуп берем деп, 69 миң долларын ээлеп алган: шектүү жаран кармалдыКыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууну жана унааларды каттоону күчөтүү сунушталууда10 айда мамлекеттик карызды тейлөөгө 73,9 млрд сом жумшалдыДен соолугуна зыян келтирүүгө айыпталган жаран Испаниядан Кыргызстанга экстрадицияландыЖыл башынан бери Кыргызстанда 62 мектеп курулуп, пайдаланууга берилди
Акча которуп берем деп, 69 миң долларын ээлеп алган: шектүү жаран кармалды
06.11.2026 | 14:01

Бишкек шаарында 35 жаштагы жаран 69 миң доллар акчаны алдамчылык жол менен ээлеп алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга жаран арыз менен кайрылып, шектүү чет өлкөгө акча которуп берем деп, анын 69 миң АКШ долларын алдап алып, из жашырып кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Милиция тарабынан Ж.К. аттуу шектүү жаран аныкталып, Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары уланууда.
Биринчи Май РИИБи аталган жарандын аракетинен жабыркагандарды милицияга кайрылууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: алдамчылык, Бишкек