Акча которуп берем деп, 69 миң долларын ээлеп алган: шектүү жаран кармалдыКыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууну жана унааларды каттоону күчөтүү сунушталууда10 айда мамлекеттик карызды тейлөөгө 73,9 млрд сом жумшалдыДен соолугуна зыян келтирүүгө айыпталган жаран Испаниядан Кыргызстанга экстрадицияландыЖыл башынан бери Кыргызстанда 62 мектеп курулуп, пайдаланууга берилдиКыргызстанда балдарга энергетикалык суусундуктарды сатууга тыюу салуу сунушталууда. Айып пул — 55 миң сомго чейин
10 айда мамлекеттик карызды тейлөөгө 73,9 млрд сом жумшалды
06.11.2026 | 13:45

2026-жылдын январь айынан октябрь айына чейин Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен иш жүзүндө 73 885,9 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматына айтылат.
Тышкы карызды тейлөөгө 41 697,3 млн сом, ички карызга 32 188,6 млн сом жумшалган.
Жалпы сумманын 47 034,0 млн сому карыздын негизги суммасын төлөөгө, 26 746,8 млн сому пайыздарды төлөөгө кеткен. Дагы 105,1 млн сом башка төлөмдөргө жумшалган. Бул төлөмдөрдүн бардыгы тышкы карызга тиешелүү.
Тышкы карыз боюнча негизги сумманы төлөөгө 34 412,3 млн сом, пайыздарга 7 179,9 млн сом сарпталган. Ички карыз боюнча негизги сумманын 12 621,7 млн сому төлөнүп, пайыздар үчүн 19 566,9 млн сом берилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика
Теги: минфин