Жыл башынан бери Кыргызстанда 62 мектеп курулуп, пайдаланууга берилди

06.11.2026 | 12:33
Кыргызстанда жыл башынан бери 62 мектеп курулуп, пайдаланууга берилди — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери 62 мектеп пайдаланууга берилди. Жыл аягына чейин дагы 50гө жакын мектептин курулушун аяктап, ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл жыл башында Бишкек, Ош жана Манас шаарларында 36 мектептин курулушу башталган. Анын негизинде Бишкек шаарында 20, Ош шаарында 10 жана Манас шаарында 6 мектеп салынган. Иштерди Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ишке ашырган.

Ошондой эле министрлик быйыл өлкөдө социалдык объектилердин курулушу өскөнүн билдирди. Алсак, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата өлкөдө бир күндө 105 социалдык объект ачылган. Алардын катарында 34 мектеп, 28 бала бакча, 12 спорттук имарат, 9 саламаттык сактоо мекемеси, 9 маданият үйү жана 11 административдик имарат бар.

Scroll to Top