Ош шаарында 1200 орундуу Салижан Жигитов атындагы мектеп ачылды
Бүгүн, 6-ноябрда, Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы орто мектеп расмий түрдө пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Өкмөттүн маалыматында, жаңы мектеп 1200 окуучуга ылайыкташтырылган, ал эми эки нөөмөт менен иштегенде 2500 окуучуга чейин билим ала алат. Имаратта окуу аудиториялары, китепкана, ашкана, ошондой эле футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары каралган. Окуу жайдын курулушуна Турукташтыруу фондунан 1 млрд сомго жакын каражат жумшалган.
Адылбек Касымалиев ачылыш аземде сөз сүйлөп, билимге, балдардын келечегине болгон камкордук мамлекет үчүн приоритеттүү багыт экенин билдирген.Ал акыркы жылдардагы билим берүү тармагын каржылоо өсүп жатканын белгилеген. Анын айтымында, 2025-жылы эмгек акыга 58 млрд сом бөлүнгөн болсо, 2026-жылдын тогуз айында кошумча 41 млрд сом берилген. Натыйжада мугалимдердин орточо маянасы 25 миң сомдон 50 миң сомго чейин өскөн.
Жыйынтыгында өкмөт башчы мугалимдерге жана окуучуларга ийгилик каалап, СТЕМ системасына өтүүнү камсыз кылууну, Ош шаарын Кыргызстанда гана эмес, бүткүл Борбордук Азияда алдыңкы билим берүү борбору катары таанытууну тапшырган.







