Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууну жана унааларды каттоону күчөтүү сунушталууда

Кыргызстанда автоунааларды каттоо, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшыруу жана мамлекеттик номерлерди берүү эрежелерин өзгөртүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, колдонуудагы эрежелерде автоунаа ээлери жана каттоо органдары үчүн кыйынчылыктарды жараткан кемчиликтер менен карама-каршылыктар бар болгондуктан, өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы пайда болгон.
Мындан тышкары, айрым ченемдерди 2026-жылдын 5-июнундагы жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндөгү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөргө шайкеш келтирүү талап кылынат. Дагы бир максат — мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү, кагаз түрүндөгү иш кагаздарын кыскартуу жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу болуп саналат.
Автоунааларды каттоодо эмнелер өзгөрөт?
Кыймылдаткычынын көлөмүнө, максималдуу ылдамдыгына жана жүк көтөрүмдүүлүгүнө карабастан, бардык механикалык транспорт каражаттарын (ТК) милдеттүү түрдө каттоону бекитүү сунушталууда. Бул эреже мопеддерге, мотоциклдерге жана башка өзү жүрүүчү техникаларга да тиешелүү.
Алыскы аймактардын тургундары үчүн адистердин жерине барып акы төлөнүүчү негизде унааларды каттоо мүмкүнчүлүгү каралган.
Ошондой эле «Түндүк» тиркемеси аркылуу санариптик паспортту колдонууга жана түп нускалары жоголгон учурда бажы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрүн пайдаланууга уруксат берүү сунушталууда.
Автоунааны каттоодон же кайра каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин тизмеси да кеңейтилүүдө.
Алардын арасында:
• жарактуу ОСАГО полисинин жоктугу;
• эгерде унаа үчүн каралган болсо, милдеттүү техникалык кароонун жоктугу;
• ээсинин ЖКЭ бузгандыгы үчүн айып пулдары боюнча карызынын болушу;
• транспорт каражатынын коопсуздугун тастыктаган зарыл документтердин жоктугу.
«Түндүк» жана башка санариптик кызматтар аркылуу автоунааларды онлайн каттоо жана кайра каттоо тартиби өзүнчө жазылууда. Сатуучу менен сатып алуучу өздүгүн Face ID аркылуу тастыктап, келишимге санариптик кол коюп жана кызмат акысын онлайн төлөй алышат.
Айдоочулук күбөлүккө экзамен тапшыруунун жаңы эрежелери
Негизги өзгөртүүлөрдүн бири автомектепти аяктагандыгы тууралуу күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтүнө тиешелүү. Аны алты ай менен чектөө сунушталууда. Эгерде талапкер бул убакыттын ичинде квалификациялык экзамендерге келбесе, ал кайрадан окуп чыгууга аргасыз болот.
Мындан тышкары, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр каралууда:
• Белгиленген учурларды кошпогондо, практикалык экзамен талапкер теорияны тапшырган бөлүмдө гана тапшырылышы керек.
• Экзамен алуучуларга теориялык жана практикалык экзамендерди өткөрүүдө төш камераларын (боди-камераларды) колдонуу милдеттендирилет.
• Талапкерлердин өздүгүн аныктоо жана экзамендерди көзөмөлдөө үчүн жасалма интеллект технологияларын колдонууга уруксат берилет.
• Экзаменге жүйөлүү себепсиз (документ түрүндө тастыкталбаган) келбей калган учурда төлөнгөн төлөм кайтарылып берилбейт.
• Экзамен алуучулардын жогорку билими, тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү жана кеминде үч жылдык айдоочулук стажы болушу шарт.
Төрт айдан кем эмес окуп, убактылуу улуттук айдоочулук күбөлүк алууга талапкер болгондор үчүн экзамен тапшырууну эки гана мүмкүнчүлүк менен чектөө сунушталууда. Экөөндө тең тапшыра албаса, толук даярдоо курсунан кайра өтүүгө туура келет.
Ошондой эле айдоочулук күбөлүктүн категориялары такталууда. Салмагы 3,5 тоннадан 7,5 тоннага чейинки автоунаалар үчүн «С1» чакан категориясы, ал эми троллейбустар үчүн айдоочунун жаш курагы 21 жаштан кем эмес болгон «Т» категориясы каралган.
Эски айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу
Долбоор 2010-жылдын 1-январына чейин берилген айдоочулук күбөлүктөрдү, анын ичинде советтик үлгүдөгү жана «Ала-Бел» документтерин кайра экзамен тапшырбастан алмаштыруу мүмкүнчүлүгүн карайт.
Бул учурда эски күбөлүктүн аныктыгын тастыктоо талап кылынат. Мурда ачылган категориялар белгиленген шайкештикке ылайык жаңы документке көчүрүлөт.
Автоунаа номерлери боюнча эмне өзгөрөт?
Колдонулган жана жараксыз деп табылган мамлекеттик номерлерди тапшыргандан кийин беш жумушчу күндүн ичинде жок кылуу сунушталууда.
Сертификаттары бар, өзгөчө сандардын айкалышындагы номерлер бир жыл бою сакталат. Бул мөөнөт ичинде ээси аларды башка унаасына тагууга укуктуу.
Мындан тышкары, юридикалык жактарга онлайн-аукциондор аркылуу же белгиленген баада мотоциклдер, чиркегичтер жана өзү жүрүүчү техникалар үчүн өзгөчө номерлерди сатып алууга уруксат берүү пландалууда.
Терезелерди караңгылатуу жана автодромдор
Долбоор алдыңкы каптал терезелерди караңгылатууга (тонировка) уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздерин да тактайт. Алардын катарында жалган документтер, арыздагы четтетилбеген кемчиликтер жана автоматтык камералар аркылуу катталган айып пулдар боюнча карыздар бар.
Окуу автодромдору үчүн жол төшөлмөсүнө, жарыктандырууга, тосмолорго жана жабдууларга бирдиктүү талаптарды белгилөө сунушталууда. Тактап айтканда, минималдуу жарыктандыруу 20 люкс болушу керек, ал эми атайын эстакадаларды колдонууга тыюу салуу каралууда.
Анара Мамытова