АКШ кыргыз аялдарына 6 млн доллар берет

АКШ кыргыз аялдарына 6 млн доллар берет

АКШ өкмөтү Кыргызстанда коомдук саламаттыкты сактоону жана ишкерлик менен алек болгон аялдарды колдоо үчүн 6 млн доллар бөлүп берет. Бул тууралуу АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин (USAID) администраторунун орун басары Изобел Коулман өлкөгө болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирди.

Эки миллион доллар Кыргызстандагы аялдардын ишкердигин чыңдоого жумшалат. Тактап айтканда, бул каражаттар аялдарга жеке балдар борборлорун ачууга жана башкарууга көмөктөшөт. Мындай түздөн-түз ишкер аялдарга колдоо көрсөтүү өлкө боюнча үй-бүлөлөргө жардам берип, региондордогу коомчулуктардын экономикалык коопсуздугун чыңдоого салым кошот.

USAIDдин администраторунун орун басары Коулмандын айтымында, каражаттын 4 млн доллары Кыргызстанда жугуштуу ооруларга байланыштуу тобокелдиктерди алдын алуу жана кесепеттерин азайтуу үчүн берилет. Ал каржылоо өлкөдөгү саламаттыкты сактоо системасын жана мамлекеттин ден соолукка байланыштуу өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүгө багытталат. Бул иш КР өкмөтү, эл аралык уюмдар жана башка саламаттык сактоо жана климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү жаатындагы өнөктөштөр менен бирге алып барылат.

Бул колдоо АКШ өкмөтүнүн Кыргызстанда эли менен көптөн берки өнөктөштүгүн жана инклюзивдик экономикалык өсүштү алга жылдыруу, билим берүүнү жакшыртуу жана саламаттыкты сактоо коопсуздугун чыңдоо боюнча өз ара кызматташтыктарды ырастайт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Тэги: АКШ аялдар

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>