Аксыда милициянын ардагери Токтогул Теӊирбердиев сыйланды

Аксыда милициянын ардагери Токтогул Теӊирбердиев сыйланды

Аксыда 70 жашка толгон ички иштер органынын ардагери сыйланды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аксы РИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы милициянын отставкадагы капитаны Токтогул Теӊирбердиев 70 жашка толду. Анын өздүк майрамы менен Жалал-Абад ОИИБдин начальнигинин орун басары Ильяс Касымбаев, ОИИБдин Ардагерлер кеӊешинин төрагасы Капарбек Исаков куттуктап, бекем ден соолук каалашты.

Токтогул Теӊирбердиевге ИИМдин ардак грамотасы, Жалал-Абад ОИИБдин жана ИИМдин Ардагерлер кеӊешинин куттуктоосу тапшырылып, калпак, чепкен кийгизилди.

Өз кезегинде Токтогул Теӊирбердиев ИИМдин, Жалал-Абад ОИИБдин, Ардагерлер кеӊештеринин жетекчилигине ыраазычылык билдирип, иштеринде ийгиликтер болуусун каалап, ак батасын берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>