Акылбек Мамыров: “Инфляцияны эске алуу менен индекстөө маселесин иштеп чыгабыз”

Акылбек Мамыров: “Инфляцияны эске алуу менен индекстөө маселесин иштеп чыгабыз”

“Альянс” саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Акылбек Мамыров Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кара-Таш айылында үгүт иштерин жүргүзүүдө. Жергиликтүү тургундар талапкерди жылуу маанай менен тосуп алып, саясий жарышта аны колдой тургандарын билдиришти.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, социалдык маселелерге басым жасалды. Анда элеттиктер баалардын өсүшүн эске алуу менен пенсияларды, жөлөкпул жана эмгек акыларды жыл сайын жогорулатуу боюнча сунуштарын беришти.

“Каатчылык, пандемия, саясий туруксуздук ансыз да алсырап турган экономиканын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизүүдө. “Альянс” партиясынын курамына кирген экономика жаатында билими, тажрыйбасы мол кесипкөйлөр инфляцияны эске алуу менен индекстөө маселесин иштеп чыгабыз. Буга кудуретибиз жетет”, — деди Мамыров.

Ал колдоп келген элге ыраазычылык билдирип, болочокто ишенимди актоого убада берди.

АЛЬЯНС — 3 ☑ — БИР КҮЧ!
Акылбек Мамыров — 22 ☑

 

“Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 8-ноябрь, 2021-жыл.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>