Садыр Жапаров менен Нарендра Моди кыргыз-индус кызматташтыгын талкуулашты

31.08.2026 | 16:22
Садыр Жапаров менен Нарендра Моди кыргыз-индус кызматташтыгын талкуулашты — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 31-августта, өлкө башчы Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушуп, соода-экономикалык, саламаттык сактоо жана инвестициялык кызматташтык маселелерин талкуулады.

Нарендра Моди Кыргызстанга ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына, «ШКУ плюс» форматындагы жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышуу үчүн келген.

Жолугушууда Садыр Жапаров билим берүү, саламаттык сактоо, фармацевтика жана IT-технологиялар тармактары эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары экенин билдирди. Ошондой эле Нарендра Модини Индиянын Эгемендүүлүгүнүн 80 жылдыгы менен куттуктады.

Өз кезегинде Индиянын премьер-министри мамлекеттер аралык мамилелердин ырааттуу жана динамикалуу өнүгүп жатканын айтты. Ал Индия кызматташтыкты кеңейтүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого даяр экенин ырастады.

Scroll to Top