Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Назарали Арипов Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси болуп дайындалды
30.08.2026 | 11:23

Назарали Арипов Кыргызстандын Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Назарали Арипов 1970-жылы 28-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы Кара-Булак айылында туулган. Ош технологиялык университетин «Жол кыймылын уюштуруу» адистиги боюнча аяктаган.
Ар кайсы жылдары ишкердик менен алектенип, бир нече жеке компанияны, ошондой эле Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгын жетектеген.
2007-жылы Арипов Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2010-2015-жылдары «Республика» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Таджикистан