Чолпон-Атадагы этнофестивалда дүйнөлүк жылдыздардын кимиси өнөр көрсөтөрү белгилүү болду — кенен маалымат

Бүгүн Чолпон-Атадагы ат майданда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында «Көчмөндөр жаңырыгы» («Эхо кочевников») эл аралык этнофестивалынын ачылышы өтөт. Сахнада белгилүү чет элдик аткаруучулар ырдашат. Бул тууралуу окуя болгон жерден Reporter.kg сайтынын кабарчысы билдирет.
Бүгүнкү программанын башкы хедлайнери нидерландылык ырчы Ева Симонс болот.
Ошондой эле программада «Bamboléo» хити менен таанылган Gipsy Kings тобу, «What Is Love» ыры менен дүйнөгө белгилүү болгон аткаруучу Haddaway, эквадордук флейтачы Лео Рохас жана «Евровидение» сынагынын катышуучусу Далал Мидхат-Талакич бар.
Алар менен бирге сахнага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген этникалык ырлар сынагынын финалисттери, ошондой эле европалык артисттер Себастьян Рич жана Матиас чыгышат.
«Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этнофестивалы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын масштабдуу маданий программасынын алкагында өтүүдө. Жалпысынан алты күндүн ичинде Ысык-Көлдө 800дөн ашык маданий иш-чара өткөрүү пландалган.
Оюндардын жабылышында кимдер өнөр көрсөтөт
Чет элдик артисттер ошондой эле 6-сентябрда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине да катышышат.
Бул күнү сахнага ырчы Amirchik, азербайжандык аткаруучу Роза Зергерли жана Ay Yola этно-долбоору чыгат.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги спорттук, маданий жана илимий иш-чаралары Ысык-Көлдө өтүп жатат жана 6-сентябрга чейин уланат.
Reporter.kg — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий маалыматтык өнөктөшү.