Бишкекке Кытайдын C909 учуучу госпитали келдиКыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулатБишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгыштыСуучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль уттуБишкекте 25-сентябрдан тартып №43 автобустун каттамы өзгөрөтШайназаров: БШК шайлоо менен алектениши керек, лотерея менен эмес
Акын-жазуучулар адабияттын абалын талкуулады
02.08.2019 | 12:13
Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлөрү адабияттын абалын талкуулашты. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билдиргендей, иш-чара министрдин орун басары Нуржигит Кадырбековдун демилгеси менен өткөрүлгөн.
Кадырбеков жыйында акын-жазуучуларды каражат тартыштыгына карабай элди көбүрөөк аралап, коомдун руханий жана билим көрөңгөсүн бийиктетүүгө астейдил аракет кылууга чакырган.
Жыйында ошондой эле, Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгын өткөрүү, жазуучулардын китептерин басып чыгарууну колго алуу максатында демөөрчүлөрдү тартуу, “Адабият күнүн” алп жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнөн башка күндө өз алдынча белгилөө маселелери талкууланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы