«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
«Тазалык» ишканасына 22 даана атайын техника тапшырылды
23.09.2026 | 13:07

Бишкек шаарында «Тазалык» муниципалдык ишканасына 22 даана атайын техниканы тапшырылды. Аземге борбор калаа мэри Айбек Жунушалиев катышты.
Мэриянын маалыматында, ишканага 11 даана МАЗ үлгүсүндөгү таштанды ташуучу унаа, 1 даана «Шумкар» таштанды ташуучу унаасы, 5 даана «Хово», 1 даана «Дамас» жана 4 даана «Лабо» автоунаасы берилди. Аталган техникаларды кошкондо, «Тазалык» ишканасынын карамагындагы атайын автотранспорттун жалпы саны 400дөн ашты.
Мындан тышкары, жетишилген макулдашуулардын негизинде 15-октябрга чейин Минск шаарынан дагы 3 даана атайын техника жеткирилери пландалып жатканы айтылды.
Техникалардын көбөйүшү калаанын аймагын санитардык тазалоо жана тиричилик калдыктарын графикке ылайык чыгаруу иштерин жакшыртууга шарт түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом