Акыйкатчы институту: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсыз

Акыйкатчы институту Кыргызстандагы мамлекеттик интернет-ресурстардын майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүгүнө жана ыңгайлуулугуна мониторинг жүргүздү. Жалпысынан 18 расмий сайт текшерилип, алардын бири да инклюзивдик талаптарга толук жооп бербей тургандыгы аныкталды.
Институттун маалыматында, бул майыптыгы бар адамдардын маалымат алуусуна жана онлайн-кызматтарды өз алдынча пайдалануусуна тоскоолдук жаратат.
Изилдөө 2026-жылдын июнь-июль айларында «Плюс» коомдук фонду жана БУУӨПтүн колдоосу менен WCAG эл аралык стандартынын негизинде өткөрүлгөн. Анда экрандагы маалыматты үн чыгарып окуу, Брайль шрифти бар дисплейлерге чыгаруу жана клавиатура аркылуу башкаруу мүмкүнчүлүктөрү текшерилген. Мыйзамдарга ылайык, санариптик мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар майыптыгы бар жарандар үчүн жеткиликтүү болушу керек.
Жыйынтык: мамлекеттик сайттар майыптыгы бар адамдар үчүн ыңгайсыз
Баалоонун жыйынтыгы боюнча эң жогорку көрсөткүч «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам» сайтында катталып, 68,4%ды түзгөн. Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкынын сайты 52,9%, Ош шаарынын мэриясынын сайты 47,4% ыңгайлуулугун баасын алган. Эң төмөнкү көрсөткүчтөр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (15%) жана Бишкек шаарынын мэриясынын (15,8%) сайттарында аныкталган. Ал эми калган сайттарга төмөнкүдөй баалар берилген:
- Маалыматтын жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн борборлоштурулган порталы: egov.kg — 18,8%.
- «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК: nesk.kg — 20%.
- «Мектеп» маалыматтык системасы: 1mektep.edu.gov.kg — 21,1%.
- Саламаттык сактоо министрлиги: egov.kg/ministry/health — 22,2%.
- Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги: egov.kg/ministry/construction — 22,2%.
- Башкы прокуратурасы: prokuror.kg — 26,3%.
- Мамлекеттик салык кызматы: sti.gov.kg — 26,3%.
- Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги: egov.kg/ministry/science — 26,7%.
- «Балалык» Мамлекеттик автоматташтырылган аппараттык системасы: balalyk.edu.gov.kg — 31,6%.
- «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК: gik.kg — 31,6%.
- Юстиция министрлиги: egov.kg/ministry/justice — 33,3%.
- Агартуу министрлиги: edu.gov.kg — 33,3%.
- Социалдык фонд: sf.gov.kg — 45%.
- Ош шаарынын мэриясы: oshcity.gov.kg — 47,4%.
- «Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган маалыматтар банкы»: cbd.minjust.gov.kg — 52,9%.
- «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам»: ukuk-jardam.gov.kg — 68,4%.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Министрлер Кабинетине сунуштарды камтыган расмий кат жөнөткөн. Ошондой эле мамлекеттик органдарды майыптыгы бар жарандарды санариптик ресурстардан жана онлайн-кызматтардан маалымат алуу мүмкүнчүлүктөрүн бирдей камсыз кылууга чакырды.