Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Суучул Денис Петрашов Азия оюндарында күмүш медаль утту
24.09.2026 | 17:07

Бүгүн, 24-сентябрда, Азия оюндарында кыргызстандык суучул Денис Петрашов 200 метр аралыкта сууда сүзүү боюнча мелдеште күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Спортчу алгачкы жарышта аталган аралыкты 2:11.13 убакытта сүзүп келип, биринчи орунду ээлеген. Ал эми финалдык этапта Денис Петрашов 200 метрди 2:08.67 көрсөткүчү менен сүзүп өтүп, экинчи орунду ээлеген.
Белгилей кетсек, ушул тапта Азия оюндары Жапониянын Нагоя шаарында өтүп жатат. Ага Азиянын 45 өлкөсүнөн жана аймагынан келген спортчулар 43 спорттун түрү боюнча күч сынашып жатышат. Быйыл Кыргызстандан Оюндарга 30 спорттун түрү боюнча 168 спортчу катышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт
Теги: Азия оюндары, Денис Петрашов