Мамкатчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

23.09.2026 | 11:19
Арслан Койчиев кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады — Новости Кыргызстана

Бүгүн, 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев өлкө жарандарын куттуктап, кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилгенине быйыл 37 жыл толгонун белгиледи.

Мамлекеттик катчы өз кайрылуусунда, бул күн улуттук аң-сезимди, тарыхый эс тутумду жана руханий мурастарды сактап келген кыргыз тилинин мамлекеттик макамын даңазалаган маанилүү дата экенин белгилеген.

«Тил – ата-бабалардан калган ыйык мурас, улуттук биримдиктин жана мамлекеттүүлүктүн негизги баалуулугу. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары бекемделип, коомдук турмуштун ар кыл чөйрөлөрүндө колдонулуп келе жаткандыгы биздин ири жетишкендиктерибиздин бири. Аны сактоо, кадырлоо жана заман талабына ылайык өнүктүрүү – азыркы учурдун тарыхый жоопкерчилиги», - деп билдирген ал.

Арслан Койчиев ошондой эле бүгүнкү күндө эне тилди сактоо менен чектелбестен, аны билимдин, илимдин, мамлекеттик башкаруунун жана технологиялардын тилине айландыруу негизги милдет экенин айткан. Анын айтымында, акыркы жылдары мамлекет тарабынан кыргыз тилинин укуктук жана институционалдык негиздерин чыңдоо, мекемелерде иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү кеңейтүү иштери аткарылып жатат.

Ошондой эле мамкатчы тил саясатынын багыттарынын бири кыргыз тилин санариптик мейкиндикте өнүктүрүү экенин белгилеген. Бул багытта тилди үйрөнүүгө жана колдонууга арналган электрондук платформалар, сөздүктөр иштелип чыгып, кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү иштери жүрүүдө.

«Чындыгында эле, кыргыз тили коргоого эмес, колдонууга муктаж болуп турган чагы. Андыктан баарыңыздарды Айкөл Манас атабыздын тилин таза сактоого, сабаттуу колдонууга жана өнүктүрүүгө өз салымыңыздарды кошууга чакырам. Кыргыз тили – улуттун үнү, мамлекеттин өзөгү жана келечек муунга калтыра турган эң улуу мурасыбыз», — деген Койчиев өз куттуктоосунда.
Scroll to Top