Кыргызстанда биринчи улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулат

24.09.2026 | 18:16
Кыргызстанда алгачкы улуттук спутник иштелип чыкты. Ал айыл чарба тармагында колдонулат — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда «Кыргыз Асман» ачык акционердик коому тарабынан алгачкы кыргыз спутниги иштелип чыгып, чогултулду. Алгачкы спутникти жасоого 2,5 жылдай убакыт кеткен. Аппарат октябрь айынын биринчи жумасында АКШнын Калифорния штатынан космоско учурулат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, спутник айыл чарба тармагында колдонулат. Андан алынган маалыматтар эгин талааларынын абалын көзөмөлдөөгө, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоого, жайыттарды талдоого, кургакчылыктын белгилерин аныктоого жана түшүмдүүлүктү эсептөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле мөңгүлөрдүн, суу ресурстарынын жана экологиялык абалдын өзгөрүшүнө байкоо жүргүзүлөт.

Бүгүн, 24-сентябрда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков аталган спутник менен тааныштырган.

«Спутниктен алынган сүрөттөр аркылуу айыл чарба тармагында алдын ала божомолдоо мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Ошондой эле экологияга, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин баалоого, мөңгүлөргө жана суу ресурстарына талдоо жүргүзүүгө шарт түзүлөт. Бирок спутник биринчи кезекте айыл чарбасын өнүктүрүү багытында колдонулат», — деп билдирген министр.

Учурда «Кыргыз Асман» ишканасында спутниктин бөлүктөрүн чогултуу, электрондук жабдууларды орнотуу жана системаларын текшерүү иштери жүрүп жатканы айтылды.

Кошумчалай кетсек, «Кыргыз Асман» ААКтын жалгыз акционери Кыргызстандын Министрлер кабинети болуп саналат, ал эми акционердик функцияларды Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аткарат.

Scroll to Top