Бишкекте дарыгерлер 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн тыйынды алып чыгышты

Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлери 2 жаштагы баланын кызыл өңгөчүнөн 10 рубль номиналындагы тыйынды алып чыгышты. Бул тууралуу аталган ооруканадан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, тыйын баланын кызыл өңгөчүндө беш ай жүргөн. Ошол учурдан тарта бала кусуу жана катуу тамактан баш тартуу башталган. Кийин жөтөл пайда болгон. Бул аралыкта бала Ош шаарында педиатрга жана аллергологго көрүнүп, амбулатордук дарылануудан өткөн, бирок жыйынтык болгон эмес.
Кийинчерээк Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасында рентгендик текшерүү жүргүзүлүп, өңгөчүндө бөтөн зат бар экени аныкталган. Андан соң бала Бишкек шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасына которулган.
Дарыгерлер текшерүүнүн жыйынтыгында хирургиялык операция жасоо чечимин кабыл алышкан. Жалпы наркоздун алдында жасалган операцияда баланын өңгөчүнөн капкара болуп кеткен тыйын чыгарылган.
Учурда баланын абалы туруктуу деп бааланууда. Ал дарыгерлердин көзөмөлүндө медициналык жардам алууда.