Акысыз көрсөтүүлөр: Бишкекте Монгол кино күндөрү өтүүдө

Бүгүн, 9-июнда, Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» кинотеатрында Монгол кино жумалыгы ачылды. Жумалык 12-июнга чейин уланып, анын алкагында аталган кинотеатрда монгол кинолору акысыз көрсөтүлөт.
Маданият министрлигинин маалыматында, иш-чара Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы маданий кызматташтыкты чыңдоо максатында уюштурулган.
Жумалыктын ачылыш аземине КРдин Кинематография департаментинин директору Талантбек Толобеков, Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Дэмчиг Тэгшжаргал жана Монголиянын Улуттук кино кеңешинин өкүлү Оргилмаа Бат-Эрдэнэ катышты.
Акысыз көрсөтүлүүчү тасмалардын тизмеси:
- «Горизонт» (Horizon) тасмасы. Анын режиссёру Батделгер Бямбасурен. 9-июнда саат 15:30да башталат.
- «Жымжырт шаардын айдоочусу» (Silent City Driver) тасмасы, режиссёру Сэнгэдорж Жанчивдорж. 10-июнда саат 12:00дө башталат.
- «Салкын жел» (City of Wind) тасмасы, режиссёру Лхагвадулам Пурев-Очир. 11-июнда саат 12:00дө башталат.
Белгилей кетсек, «Салкын жел» тасмасы Венеция кинофестивалына катышып, «Оскар» сыйлыгына талапкер катары көрсөтүлгөн. Программа Монголиянын маданиятын жана заманбап коомдук турмушун таанытууга багытталган.