Айзада Субакожоева Виртуалдык активдер жана блокчейн боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары болду

10.06.2026 | 14:01
Айзада Субакожоева Виртуалдык активдер жана блокчейн боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары болду — новости К

Айзада Субакожоева Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Тийиштүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду. Ушул эле тескеме менен ал мурда ээлеп турган Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду.

Ал тууралуу эмнелер белгилүү:

Субакожоева 1979-жылы 9-сентябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. 2001-жылы Бишкек гуманитардык университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетин артыкчылык диплому менен, ал эми 2004-жылы Пекин университетинин Эл аралык мамилелер факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2004–2006 — Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз-кытай факультетинин окутуучусу;
  • 2005–2006 — Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Кытай тили борборунун аткаруучу директору;
  • 2006–2007 — сынактын негизинде КР Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Консулдук кызмат департаментинин үчүнчү катчысы кызматына жумушка кабыл алынган;
  • 2007–2009 — КР ТИМдин Чыгыш өлкөлөрү департаментинин үчүнчү катчысы;
  • 2009–2013 — КРнын Кытай Эл Республикасындагы элчилигинин атташеси, үчүнчү катчысы;
  • 2013–2015 — КР ТИМдин Чектеш өлкөлөр департаментинин үчүнчү катчысы, экинчи катчысы, биринчи катчысы;
  • 2015–2016 — КР Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;
  • 2016 — Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн кырдаалдык-аналитикалык секторунун башчысы;
  • 2017-жылдын 2-февралынан тарта — Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
  • 2018-жылдын 26-февралынан тарта — ШКУнун башкы катчысынын орун басары.

Билген тилдери: кыргыз, орус, кытай, англис.

Scroll to Top