Акжол Махмудовдун Олимпиададагы бардык атаандаштары белгилүү болду

Акжол Махмудовдун Олимпиададагы бардык атаандаштары белгилүү болду

Түркияда 9-12-майда күрөш боюнча Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган соңку турнир — Дүйнөлүк лицензиялык мелдеш өттү.

Аталган мелдеште балбандарга лицензия алууга акыркы мүмкүнчүлүк берилип, Олимпиада оюндарына кайсы өлкөнүн спортчулары барары белгилүү болду. Мелдештин жобосуна ылайык, олимпиадалык салмактарда (60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг) үчтөн балбан лицензия алды.

Грек-рим балбаны Акжол Махмудов күрөшкөн 77 кг салмакта болгариялык Айк Мнацаканян, бейтарап спортчу Сергей Кутузов жана венгриялык Золтан Леваи Олимпиадананын соңку үч жолдомосуна кол жеткизди.

Лицензия алгандар балбандар (77 кг):

1. Кыргызстан – Акжол Махмудов (Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси (2020-жыл), дүйнөнүн эки жолку чемпиону (2022,2023-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү (2023-жыл) жана күмүш байгесинин ээси (2018), Азиянын үч жолку чемиону (2018, 2022, 2023-жыл), бир жолу күмүш уткан (2024-жыл)

2. Азербайжан – Санан Сулейманов (эки жолу дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин уткан (2021, 2023-жыл), Европанын чемпиону (2020-жыл) жана эки ирет коло байгесин тагынган (2021, 2022-жыл)

3. Армения – Малхас Амоян (дүйнө чемпиону (2021-жыл) жана эки жолу коло байгесин уткан (2022, 2023-жыл), Европанын үч жолку чемпиону (2022, 2023, 2024-жыл) жана бир жолу күмүш байгесине татыган (2021-жыл)

4. Япония – Нао Кусака (дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2023-жыл), Азиянын чемпиону (2024-жыл)

5. Өзбекстан – Арам Варданян (дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (2019-жыл), Азия чемпионатында эки ирет коло тагынган (2016, 2018-жыл)

6. Куба — Йосванис Пена Флорес (Пан-Америка чемпионатын үч ирет уткан (2019, 2020, 2022-жыл) жана күмүш (2023-жыл) менен коло (2024-жыл) байгелерин тагынган, Пан-Америка оюндарында эки жолу колого татыган (2019, 2023-жыл)

7. Колумбия – Алексис Куэро Муноз (Пан-Америка чемпионатын бир ирет жеңген (2024-жыл), бир жолу күмүш (2018-жыл) эки жолу коло (2019, 2023-жыл) медалын уткан, Пан-Америка оюндарында эки ирет коло тагынган (2014, 2019-жыл), Түштүк Америка оюндарында бир жолу алтынга татыган (2022-жыл)

8. Алжир – Элкрим Уакали (Африканын үч жолку чемпиону (2020, 2022, 2023-жыл), үч ирет күмүш байгесин уткан (2012, 2014, 2019-жыл), Африка оюндарынын эки жолку жеңүүчүсү (2019, 2024-жыл), Араб оюндарын бир ирет жеңген (2023-жыл)

9. Египет – Махмуд Халед Абделрахман (Африка оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2024-жыл)

10. Түркия – Бурхан Акбудак (дүйнө чемпиону (2022-жыл), бир жолу күмүш уткан (2021-жыл), Европанын чемпиону (2023-жыл), бир ирет коло байгелүү болгон (2022-жыл)

11. Финляндия – Жонни Сарккинен (23 жашка чейинки балбандар арасында Европа чемпиону (2023-жыл)

12. Казакстан – Демеу Жадраев (дүйнө чемпионатынын коло байге ээси (2017-жыл), Азия чемпионатында 1 ирет күмүш, 3 жолу коло уткан (2015, 2018, 2019, 2021-жыл)

13. Иран – Амин Явар Кавианинежад (Азиянын чемпиону (2020-жыл), Азия оюндарынын жана Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2023-жыл)

14. Болгария – Айк Мнацаканян (дүйнө чемпионатынын эки жолку коло байге ээси (2018, 2019-жыл), Европа чемпионатында эки ирет коло тагынган (2019, 2022)

15. Бейтарап спортчу – Сергей Кутузов (дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (2021-жыл)

16. Венгрия – Золтан Леваи (дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээси (2022-жыл), Европа чемпионатында күмүш жана коло уткан (2020, 2023-жыл)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>