«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Бишкектин айрым райондорунда 6-октябрда 17 саатка суу өчүрүлөт
04.10.2026 | 11:49

2026-жылдын 6-октябрында Бишкектин айрым райондорунда саат 09:00дөн 02:00гө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Суу турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо мекемелеринде, башка социалдык-тиричилик жана өнөр жай объектилеринде өчүрүлөт.
Суу өчүрүлө турган аймактар:
- Шабдан Баатыр, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Махатма Ганди, Циолковский, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Торугарт көчөлөрү;
- «Рабочий городок»;
- «Айыл чарба институту»;
- «Ак-Орго» турак жай массиви;
- «Ак-Ордо» турак жай массиви (Ахунбаев көчөсүнөн түндүк бөлүгү);
- «Теңир-Тоо» турак жай массиви (Ахунбаев көчөсүнөн төмөн жагы).
Суунун өчүрүлүшү «Түштүк-Батыш» жана «Гагарин» суу алгычтарында, ошондой эле шаардык суу түйүндөрүндө оңдоо жана алдын алуу иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундардан жана уюмдардан ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүндү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: мэрия