Кыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалымат

Жыл сайын дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө 1994-жылы негизделген Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү белгиленет. 2014-жылы өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасында Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими кабыл алынган.
2025-жылы билим берүү тармагында республиканын жалпы иштеген калкынын болжол менен 11%ы эмгектенген. Учурда Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү тармагында 5 миңге жакын уюм иштейт. Аларда 133 миңге жакын педагог 2,3 млн тарбиялануучуга, окуучуга жана студентке билим берүүдө.
Бул кесиптик майрамда жалпы билим берүүчү мектептерде эмгектенген 94 миңге жакын мугалимге ыраазычылык сөздөрү айтылат. Алардын 36 миңге жакыны шаар жергесинде, 58 миңи айыл жеринде иштейт. 2025/2026-окуу жылынын башына карата республикада жалпы орто билим берүүчү 2374 күндүзгү уюм иштеген.
Мугалимдик кесип салттуу түрдө аялдар басымдуулук кылган кесип болуп эсептелет. Жалпы билим берүүчү мектептердеги мугалимдердин 87%ын аялдар түзөт, алардын 5%дан ашыгы директор же директордун орун басары кызматын ээлейт. Педагогдордун кесиптик деңгээли да жогору. Мугалимдердин 87%дан ашыгы жогорку билимге ээ.
Мугалимдердин иш жүгү жогору бойдон калууда. Жалпы орто билим берүүчү күндүзгү уюмдарда бир мугалимге орточо 17 окуучу туура келет. Шаардык мектептерде бул көрсөткүч бир мугалимге 20 окуучуну, айыл жериндеги мектептерде 15 окуучуну түзөт.
Республикадагы жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында окуган ар бир бешинчи студент педагог кесибин тандаган. 2025/2026-окуу жылында өлкөнүн жогорку окуу жайларын 10 миңден ашуун болочок педагог бүтүрдү.